Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

ЭЕ/АҮ
Negara Kirgizstan
Bahasa KY
Episode 250
Terbaru 13.08.2026

Бул подкаст Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан күндөлүк жаңылыктарды камтыйт. Ар бир чыгарылышта өлкөдөгү жана дүйнөдөгү орчундуу окуялар талкууланат. Угуучуларга актуалдуу маалыматтарды жеткирүү максатын көздөйт.

Episode

  • Прокурорлор Ташиевдерди абакка кесүүнү сурады | Жаңылыктар | 13.08.2026 13.08.2026 16mnt
    Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын иши шаардык сотто каралууда. Прокурорлор алардын пробациялык жазасын абак жазасына алмаштырууну сурап жатышат. Талибан кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алганына беш жыл болот. Өлкө экономикалык каатчылыкка батып, медицина тармагы жапа чегүүдө. “Кыргызфармацияда” дары, медициналык жабдыктарды сатып алуудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Ал жерде бюджетке 138 млн сомго жакын зыян келтирилгени айтылды. _____________________________________________________________________
  • Асад сыртынан өлүм жазасына кесилди | Жаңылыктар | 12.08.2026 12.08.2026 14mnt
    Сириянын мурдагы президенти Башар Асад сыртынан өлүм жазасына кесилди. Кумтөрдү башкарып, кийин соттолгон Тенгиз Бөлтүрүктүн билдирүүлөрү талаш-талкууну жаратты. Кыргызстан дагы 10 миң электромобилди бажы алымысыз ташып кирүүгө мүмкүндүк алды.
  • Татарстанда борборазиялыктар набыт болду | Жаңылыктар | 11.08.2026 11.08.2026 23mnt
    Колумбияда 7 баллдан ашкан катуу жер титирөө 160тын тегерегиндеги адамдын өмүрүн алды. Өлкөнүн ири шаарларынын бири Калиде 20дай имарат кулап, адамдар уранды алдында калган. “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын соту жабык уланмай болду. Президенттин агасынын аты аралашкан “кеңсе” тууралуу талкуу уланууда. Ишкер Сыргак Кенжебаев менен катар эле “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк да кендин айланасындагы окуялар боюнча утур-утур билдирүү жасоодо.
  • Чоң-Алайдагы чокуга чыккан үч альпинист изделүүдө | Жаңылыктар | 10.08.2026 10.08.2026 15mnt
    Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Райондук сот аларга үч жылдан пробациялык жаза берип, айыпталуучулар эркинде калган. Президенттин администрациясы “мамлекет башчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров жана анын уулу Азат Жапаров Бажыда коррупциялык иштерди уюштурган” деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу жакында эле чет жакта жүргөн ишкер Сыргак Кенжебаев айтып чыккан. Чоң-Алайда Корумду чокусуна чыгып дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк үч альпинист изделүүдө. Алар 2-августтан бери байланышка чыга элек.
  • Ташовдун сегиз жылга кесилиши, Ташиевдин талкууга түшкөн билдирүүсү | Жаңылыктар | 17.07.2026 17.07.2026 21mnt
    Адаттан тыш аптаптан улам Америка, Европа, Азияда токойлор өрттөнүп жатат. Коңшу Казакстанда да токойдо өрт чыгып, 220 киши эвакуацияланды. Шаардык сот ишкер Имамидин Ташовду 8 жылга кести. Эки жарым жылдай камакта жаткан ишкер кыйноого кабылганын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган. Ажырашкандан кийин аялын өлтүрүп салган адам өмүр бою абакка кесилди. 47 жаштагы мугалим Жибек Урустемованы былтыр Бишкектеги батиринде күйөөсү тапанча менен атып салган.
  • Камчыбек Ташиев: "Шайлоого катышпайм, Садыр Жапаровду колдойм" | Жаңылыктар | 16.07.2026 16.07.2026 26mnt
    Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпасын, президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдорун жарыялады. Ташиев баш болгон сегиз киши бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп табылып, бирок пробация жазасы менен эркиндикте калган. Шаардык сот ишкер Имамидин Ташовдун ишин карап жатат. Аны райондук сот былтыр үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Украинада өкмөт отставкага кетип, жаңы премьер-министр бекиди. Киевде коргоо министрин алмаштырууга каршы нааразылык акциаялары өткөнү кабарланды.
  • Жерди инвесторлорго 50 жылга чейин берүү сунушталды | Жаңылыктар | 15.07.2026 15.07.2026 22mnt
    Акын Аскат Жетиген абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканын айтып, кат жазды. Жаза аткаруу кызматы муну четке кагууда. АКШ Ирандын аскердик буталарына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран Иордания жана Кувейттеги базаларга чабуул койгонун маалымдады. Испания футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Финалда алар Англия – Аргентина беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.
  • Ташиев сентябрга чейин камакта калды | Жаңылыктар | 14.07.2026 14.07.2026 20mnt
    Экс-депутат Шайырбек Ташиев 16-сентябрга чейин камакта калды. Ага “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, 1-апрелде кармалган. Камакта жаткан Темирлан Султанбеков соттун ачык өтүшүн талап кылууда. Мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев болсо кыйноого кабылганын билдирди. Түркияны өзгөрткөн 10 жыл: Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин 100 миңден ашуун киши соттолду, миллиондой киши суракка тартылды, Эрдогандын бийлиги бекемделди.
  • Абактагы Аскат Жетиген саламаттыгы начарлаганын айтты | Жаңылыктар | 13.07.2026 13.07.2026 24mnt
    Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады. Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагып, анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирүүдө. АКШ өткөн түнү Иранга абадан сокку урду. Вашингтон муну Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерине жасалган чабуулдарга жооп деп түшүндүрдү. Кыргызстанда алдыдагы төрт күн адаттан тыш ысык болуп, абанын табы 40 градустан ашаары эскертилди. Адистер жарандарды бул күндөрү ден соолугуна сак болуп, ачык күн алдында жүрбөөгө чакырууда.
  • Ош: Балдарына ВИЧ жуккан ата-энелердин талабы | Жаңылыктар | 10.07.2026 10.07.2026 18mnt
    Ошто 19 жыл мурун дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан балдардын энелери акцияга чыкты. Алар бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылууда. Төрт айдан ашык убакыттан кийин Ирандын мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин сөөгү жерге берилди. Анын бийлиги репрессиялар, камоолор жана катуу саясий чектөөлөр менен эсте калды. Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. 7-июлда компаниянын учагы күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси сынып кетип, жерге кулап, кырсыктаган.
  • Трамп Украинага жүзүн бурдубу? | Жаңылыктар | 09.07.2026 09.07.2026 21mnt
    Киев орусиялык баллистикалык ракеталардын мизин кантип кайтарат? Трамп Украинага Пэтриот системаларынын ракеталарын чыгаруу үчүн лицензия берилерин айтты. Ал арада Казакстан өз аймагынан Орусияга дрон учурулганы жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү. Орус медиасындагы мындай маалыматты “негизсиз жалаа” деп атады. Бишкектен Раззаков шаарына учуп барган “Асман эйрлайнс” авиакомпаниясынын учагы техникалык себептен улам кайрадан борборго кайтууга аргасыз болду. Кыргызстанда бир жумада эле учакка байланыштуу эки окуя катталды.
  • “ТезЖеттин” учагы эмнеге кырсыкка кабылды? | Жаңылыктар | 08.07.2026 08.07.2026 22mnt
    Бишкекте 190го жакын адам менен бараткан учактын кырсыктаганы Кыргызстандын авиа тармагындагы коопсуздук маселесин көтөрдү. Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатууга макул болду, эми кыргыз өкмөтү Казакстандан жооп күтүүдө. Ирандын Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге чабуул койгонуна жооп катары, америкалык аскерлер Ирандагы объекттерге сокку урду.
  • Бишкекте TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 07.07.2026 07.07.2026 2mnt
    Бишкекте Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков жана мекеменин буга чейинки төрт кызматкери кармалды. Ал тапта Улуттук коопсуздук комитет Баткендеги “Кадамжай” жана “Чечме” бекеттеринде “пара алууга” айыптап чек арачылар баш болгон 41 кишини кармады. “Альфа” тобунун кызматкерлери катышкан операцияда ок атылганы айтылууда. Киевге жасалган соңку ири чабуулдан курман болгондордун саны өсүп, уранды алдынан адамдар изделүүдө. Бул арада Украина Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү эң ири заводдорунун бирине сокку урду.
  • Оштогу уруш боюнча кылмыш иши козголду | Жаңылыктар | 06.07.2026 06.07.2026 19mnt
    Украинанын борбору Киевге жасалган чабуулдан 11 киши мүрт кетип, ондогон адам жараат алды. Орусиянын ракеталардын бири Подольск районундагы тогуз кабат үйгө тийип, имарат жарым-жартылай талкаланды. Кыргызстанда буга чейин “массалык башаламандыктар”, “бийликти күч менен басып алуу” айыбы менен соттолгондордун иши кайра каралышы керекпи? Ташиевдерге пробациялык жаза берилип, эркиндикте калышы көп суроолорду жаратууда. Ошто чакан базардын алдында соодагерлер менен дыйкандын урушунан кийин үч адам кармалды. Окуя шаар мэрине чейин жетип, “ур-токмокко кабылдым” деген дыйканга орун берилди.
  • Али Хаменеинин сөөгү жерге берилет | Жаңылыктар | 03.07.2026 03.07.2026 19mnt
    “75чилердин каты” боюнча чыккан сот өкүму коомчулукта бир катар суроолорду жаратууда. Иранда өлкөнү дээрлик кырк жыл башкарган жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты башталды. Кыргызстанда 1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштады.
  • Ташиевдердин иши боюнча өкүм чыгары күтүлүүдө | Жаңылыктар | 02.07.2026 02.07.2026 18mnt
    "75чилердин катына" байланыштуу сот жараяны уланууда. Айыпталуучуларга өкүм чыгары күтүлүүдө. Орус аскерлери өткөн түнү Киевге катуу сокку уруп, кеминде 17 кишинин өмүрү кыйылды. Москва аскердик өнөр жай ишканалары гана аткыланганын билдирди. Ысык-Көлдө сел жүрүп, Чолпон-Ата шаарында конок үйдүн короосун жана эс алуу жайынын имаратын суу каптады.
  • Орусиядагы бензин кризисинин Кыргызстанга таасири | Жаңылыктар | 01.07.2026 01.07.2026 17mnt
    Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынды. Орусияда бензин кризиси тереңдеп баратат. Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын эмки бөлүгүнө иргелип алгандарга Франция, Норвегия жана Мексика кошулду.
  • "75чилердин иши": Сот кандай чечим чыгарат? | Жаңылыктар | 30.06.2026 30.06.2026 15mnt
    “75чилердин” катына байланышкан сот жараяндын башталганына бир жарым ай болду. Москва шаарынын жана Подмосковьенин бийлиги өткөн түнү украиналык дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын оюндары башталды.
  • Ташиев баштаган айыпталуучуларга тогуз жыл жаза суралды | Жаңылыктар | 29.06.2026 29.06.2026 17mnt
    “75чилердин каты” боюнча сот отурумунда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сурады. Венесуэлада жер титирөөдөн каза тапкандардын саны бир жарым миң адамга жетти. Маалымат каражаттары 50 миңден көп киши дайынсыз болуп жатканын кабарлоодо. Кыргызстанда күйүүчү майга байланышкан көйгөй күчүндө. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин сатылбай калды.
  • Зеленский Лукашенкону коркуттубу? | Жаңылыктар | 26.06.2026 26.06.2026 16mnt
    Венесуэладагы катуу жер титирөөдө кеминде 235 киши каза тапты. Депутат Нурбек Сыдыгалиев Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Фархат Иминовду жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын экс-директору Кайрат Маматовду коррупцияга айыптады. Украин президенти Владимир Зеленскийдин эскертүүсүнөн кийин Беларус өз аймагындагы орус дрондоруна жардам көрсөткөн жабдууларды өчүрдү.

Populer di

Podcast ini juga muncul di daftar podcast negara-negara ini.