Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

ЭЕ/АҮ
Земја Киргистан
Јазик KY
Епизоди 250
Последна 01.10.2026

Бул подкаст Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан күндөлүк жаңылыктарды камтыйт. Ар бир чыгарылышта өлкөдөгү жана дүйнөдөгү орчундуу окуялар талкууланат. Угуучуларга актуалдуу маалыматтарды жеткирүү максатын көздөйт.

Епизоди

  • FlyDubai учагында пилот капитанды бычактады | ЖАҢЫЛЫКТАР | 01.10.2026 01.10.2026 18мин
    Дубайдан Тель-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Анын мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз. Учакта 174 жүргүнчү болгон. Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду “жеке маалыматтарыбызды колдонду” деп бир топ адам милицияга арыз берген. Жапонияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алтын медал утту. Ал эми Акжол Махмудов коло байге үчүн беттеште атаандашын жеңди.
  • Орусиялык байлар кымбат машинелерди Кыргызстан аркылуу алдырабы? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 30.09.2026 30.09.2026 19мин
    "Санкцияны айланып өтүү схемасы". New York Timesтын жаңы иликтөөсүндө Кыргызстан да аталды. Берлинге барган Касым-Жомарт Владимир Путинди мактады. Ошол эле учурда Украинада болуп жаткан окуяларга тынчсызданып жатканын билдирди. Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар эки медал алды. Кыргызстанда азырынча алтын байге жок.
  • Президенттик шайлоо: Жапаровго Суваналиев атаандаш болобу? | Жаңылыктар | 24.09.2026 24.09.2026 26мин
    Казакстанда Каспий деңизиндеги атайын машыгууда ондон ашык аскер каза болгону кабарланды. Катуу шамалдан улам 19 аскер кырсыкка кабылды, деңизге чөгүп кеткендерди издөө иштери уланууда. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Бул ири саясий жарышта тең атаандаштык болобу - деген суроо коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Кытайдын лидери 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барды. Президент Трамптын сыйлуу конокторду аэропорттон өзү тосуп алганы сейрек кездешүүчү көрүнүш.
  • БУУда Садыр Жапаров санкция саясатын сындады | Жаңылыктар | 23.09.2026 23.09.2026 19мин
    Улуттар Уюмунун башкы трибунасында дүйнө лидерлери согуш, санкция, климатка байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Кыргызстандын президенти Жапаров эл аралык коомчулуктун көнүлүн Ысык-Көлдү сактоого бурду. Үч айдан ашуун тергөө абагында отурган саясатчы Мавлян Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын бүтүмүнө макул эместигин айтты. Мындан 37 жыл мурун кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгон. Андан бери эмне өзгордү? Агартуу министрлиги орус тилдүү мектептерге суроо талап күч экенин ырастайт.
  • Эки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026 22.09.2026 23мин
    Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт? Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри Мамданиден үлгү алганын айтты Көмүскө схемаларда аты аталган, чуулгандуу ишкер Алексей Ширшов коомчулукка чыкты.
  • Москвага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | Жаңылыктар | 21.09.2026 21.09.2026 17мин
    Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду. Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар жыш жашаган аймакка барды. Соодагерге арзан, элге кымбат. Ошто эттин баасына нааразы болгон ондогон соодагер Ош мэриясынын алдына чогулду.
  • Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмне курулууда? | Жаңылыктар | 17.09.2026 17.09.2026 22мин
    Кыргызстанда мектептерге жетпей, базарда сатылып жаткан китептер боюнча чуу дале уланууда. Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы эмне дейт? АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактан бошоду. Бул үчүн Вашингтон эки ишкананы санкциялык тизмеден чыгарды. Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык болгон үйдүн короосунда курулуш иштери жүрүүдө. башталганы белгилүү болду. Ал жерге эмне түшөт?
  • «Балдарым, аялым Иракта абакта». Кыргыз бийлигинен жардам сураган карыя | Жаңылыктар | 16.09.2026 16.09.2026 24мин
    Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды. Мамлекет баскан окуу китептер эмнеге базарда сатылууда? Окуу башталганы мектептердеги китеп көйгөйү кайрадан күн тартибине чыкты. Иракта камалган аялдардын жакындары бийликке кайрылып, президенттин кабыл алуусун суранууда. Ирактын түрмөлөрүндө жаткандар 2013-2017-жылдары радикал топторго азгырылгандар.
  • Жапаров президенттик кызматта туруп шайлоого катышабы? | Жаңылыктар | 15.09.2026 15.09.2026 24мин
    Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоого кызматта туруп талапкер катары катыша алабы? Боршайкомдун жообу. Түштүк Корея Борбор Азия менен кызматташууга эмне үчүн кызыкдар? Чөлкөмдөгү беш өлкөнүн лидерлери Сеулга барды. Кыргызстанда мектеп босогосун аттаган балдардын 60% кыргыз 40% орус тилдүү класстарга барды. Соңку жылдары кыргыз тилдүү менчик мектептерге суроо талап өсүп баратканы айтылууда.
  • Президент Жапаров эмнеден кооптонот? | Жаңылыктар | 09.09.2026 09.09.2026 26мин
    Президент эмнеден кооптонууда? Садыр Жапаров жалган маалымат таратып, элди адаштыргандарга катуу чара көрүлөрүн дагы бир жолу эскертти. АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайра курчуду. Кошмо Штаттар Ирандын беш танкерин деңизге чөктүрдү, Тегеран Иорданиядагы америкалык базаны бутага алды. Билим берүүнүн абалы кандай? Кыргызстан PISA-2025 эл аралык сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80-сапка чыкты.
  • Президент министрлерди эмнеге алмаштырууда? | Жаңылыктар | 08.09.2026 08.09.2026 23мин
    Кыргызстанда юстиция министри менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты. Кадрдык өзгөртүүлөрдүн төркүнү эмнеде? Берлинде миңдеген адам ашкере оңчулдардын саясатта активдүү күчкө айлануусуна каршы акцияга чыкты. Мунун алдында Саксония-Анхальт аймагындагы парламенттик шайлоодо “Германия үчүн альтернатива” партиясы жеңүүчү болгон. Жаңы гана ачылып баасы талаш жараткан “Бишкек арена” стадиону 386 миллион долларга курулганы белгилүү болду.
  • Ташиевдерге тогуз жылдык жаза суралды | 07.09.2026 07.09.2026 29мин
    Прокурорлор Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев баш болгон сегиз адамга тогуз жылдан абак жазасын сурашты. Шаардык сотто "75чилердин каты” боюнча иш соңуна чыгып баратат. Трамптын администрациясы Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерин кайра жандантты. АКШ президентинин өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Орусиянын, андан кийин Украинанын президенти менен жолукту. 51 миң орундуу “Бишкек арена” стадионунун курулушуна канча каражат сарпталганын атайын комиссия аныктамай болду. Борбор Азиядагы эң чоң стадиондун наркы боюнча коомчулукта кайчы пикирлер жаралды.
  • Сотто Ташиев суралып бүттү | Жаңылыктар | 04.09.2026 04.09.2026 24мин
    Бишкек шаардык сотунда Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучу сурак берип бүттү. Эмки аптада алар жарыш сөз сүйлөп, сот чечим чыгарары күтүлүүдө. Өзбекстанды дээрлик 30 жыл башкарып, темирдей каардуу бийлик орноткон Ислам Каримов дүйнөдөн өткөнүнө 10 жыл болду. Андан бери эмне өзгөрдү? Казакстанга чет элдиктер ноябрдан тарта алдын-ала катталып туруп гана кире баштайт. Бул кыргыз жарандарына кандай таасир этиши мүмкүн?
  • Орусиягы учкан кооптуу болуп калдыбы? | Жаңылыктар | 03.09.2026 03.09.2026 22мин
    Орусияга учуу кооптуу болуп калдыбы? Зеленскийдин эскертүүсүнөн кийин Москвага жана Москвадан уча турган ондогон каттам токтоду. Бишкектен Москва жана Новосибирск шаарына барчу учактар да кармалып жатканы белгилүу болду. Азырынча мунун себептери айтыла элек. Шаардык сот “75чилердин ишин” карап жатат. Күбөлөр көрсөтмө берип бүтүп, айыпталуучулар сурала баштады.
  • Бишкекте Путин менен Пашинян кер-мур айтышты | Жаңылыктар | 02.09.2026 02.09.2026 30мин
    Жогорку Кеңеш сентябрдын соңуна чейин президенттик шайлоонун датасын бекитет. Алдыда Садыр Жапаров менен ат салыша турган талапкерлер чыгабы? Бишкекте саммитте Путин менен Пашинян кер-мур айтыша кетти. Путин Арменияны Евробиримдикти же Евразия экономикалык биримдигин тандоого чакырды. Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюну уланууда. Бул жолу чет элдик туристтер көп келгени байкалат.
  • Бишкек саммити: Украинада согуш токтойбу? | Жаңылыктар | 01.09.2026 01.09.2026 26мин
    Бишкек дүйнөлүк лидерлер жолугуп, глобалдык маселелер талкууланган дипломатиялык аянтчага айланды. Украинадагы беш жылга аяк баскан согуш жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал - Бишкекте эмне сөз болду? Саммиттин Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн мааниси, салмагы кандай?
  • Бишкек: Президенттер эмнени талкуулайт? | Жаңылыктар | 31.08.2026 31.08.2026 29мин
    Кыргызстандын эгемендигине 35 жыл. Быйыл бул дата Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан учурга туш келди. Кезинде “Борбор Азиядагы демократия аралча” аталган өлкөдө бийлик бир нече ирет революция менен алмашты. Өлкө өткөндөн канчалык сабак алды? Бишкек бул күндөрү глобалдык дипломатиялык аянтчага айланды. Жер шарындагы калктын 40% ашууну жашаган өлкөлөр кирген Шанхай кызматташтык уюму дүйнөлүк сахнада салмактуу күч боло алабы?
  • Непалдагы күтүүсүз кырсык | Жаңылыктар | 27.08.2026 27.08.2026 16мин
    Непалдагы суу ташкындан улам каза тапкандардын саны 270ке жетти. Дагы 1,5 миңден ашык кишинин, анын ичинде 800 чет элдиктин дайыны белгисиз. Күтүүсүз суу ташкынына жер титирөөдөн кийинки көчкү себеп болгон. "75чилердин" сотунда онго жакын күбө сурак берди. Арасында мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов жана Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Жуман Акималиев да бар. Интернет айдыңында пикир жазган журналист, активисттерди каралоо жаңы деңгээлге чыкты. “Тыңчы”, “чет элдик агент” деген каралоолор менен катар алардын үй-бүлөсүнө чейин асылган чабуулдар кимге керек?
  • Орусияда Украинадагы согушка мигранттарды тартуу токтой элек | Жаңылыктар | 26.08.2026 26.08.2026 19мин
    Кыргызстанда баалар өсүүдө. Өкмөт кымбатчылыкты кантип ооздуктайт? Украинадагы согушка азгыруу токтой элек. "Азаттыкка" жакыны согушка кеткен бир нече адам кайрылды. АКШ башпаанек сураган чет өлкөлүктөргө визалык чектөөлөрдү күчөтүшү мүмкүн. Трамптын администрациясы миграция саясатын дагы катаалдаштырууда.
  • "Ырыс Ордо" ыркы кеткендерди элдештиреби? | Жаңылыктар | 25.08.2026 25.08.2026 21мин
    "Ырыс ордодогу" ынтымакка чакырык, шайлоо жышааны жана "75чилер иши". Бийликтин соңку иш-чарадагы ишараты талкуу жаратты. Бишкекте "Ырыс Ордонун" ачылышынан кийин коңшу Тажикстанда 2,5 миң орундуу улуттук театр ачылды. Ири масштабдуу имараттарды мамлекеттик өнүгүүнүн символу катары көрсөтүү Тажикстанга гана мүнөздүү көрүнүш эмес. Махабат Тажибек кызынын иши Ленин райондук сотунда кайра карала баштады. Ал быйыл март айында үй камагына чыккан эле.

Популарен во

Овој подкаст се појавува и на подкаст-листите на овие земји.