Соңку жаңылыктар
ЭЕ/АҮ
0
Бул подкаст Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан күндөлүк жаңылыктарды камтыйт. Ар бир чыгарылышта өлкөдөгү жана дүйнөдөгү орчундуу окуялар талкууланат. Угуучуларга актуалдуу маалыматтарды жеткирүү максатын көздөйт.
Afleveringen
-
Ташовдун сегиз жылга кесилиши, Ташиевдин талкууга түшкөн билдирүүсү | Жаңылыктар | 17.07.2026 17.07.2026 21minАдаттан тыш аптаптан улам Америка, Европа, Азияда токойлор өрттөнүп жатат. Коңшу Казакстанда да токойдо өрт чыгып, 220 киши эвакуацияланды. Шаардык сот ишкер Имамидин Ташовду 8 жылга кести. Эки жарым жылдай камакта жаткан ишкер кыйноого кабылганын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган. Ажырашкандан кийин аялын өлтүрүп салган адам өмүр бою абакка кесилди. 47 жаштагы мугалим Жибек Урустемованы былтыр Бишкектеги батиринде күйөөсү тапанча менен атып салган. -
Камчыбек Ташиев: "Шайлоого катышпайм, Садыр Жапаровду колдойм" | Жаңылыктар | 16.07.2026 16.07.2026 26minКамчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпасын, президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдорун жарыялады. Ташиев баш болгон сегиз киши бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп табылып, бирок пробация жазасы менен эркиндикте калган. Шаардык сот ишкер Имамидин Ташовдун ишин карап жатат. Аны райондук сот былтыр үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Украинада өкмөт отставкага кетип, жаңы премьер-министр бекиди. Киевде коргоо министрин алмаштырууга каршы нааразылык акциаялары өткөнү кабарланды. -
Жерди инвесторлорго 50 жылга чейин берүү сунушталды | Жаңылыктар | 15.07.2026 15.07.2026 22minАкын Аскат Жетиген абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканын айтып, кат жазды. Жаза аткаруу кызматы муну четке кагууда. АКШ Ирандын аскердик буталарына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран Иордания жана Кувейттеги базаларга чабуул койгонун маалымдады. Испания футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Финалда алар Англия – Аргентина беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. -
Ташиев сентябрга чейин камакта калды | Жаңылыктар | 14.07.2026 14.07.2026 20minЭкс-депутат Шайырбек Ташиев 16-сентябрга чейин камакта калды. Ага “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, 1-апрелде кармалган. Камакта жаткан Темирлан Султанбеков соттун ачык өтүшүн талап кылууда. Мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев болсо кыйноого кабылганын билдирди. Түркияны өзгөрткөн 10 жыл: Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин 100 миңден ашуун киши соттолду, миллиондой киши суракка тартылды, Эрдогандын бийлиги бекемделди. -
Абактагы Аскат Жетиген саламаттыгы начарлаганын айтты | Жаңылыктар | 13.07.2026 13.07.2026 24minАкын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады. Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагып, анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирүүдө. АКШ өткөн түнү Иранга абадан сокку урду. Вашингтон муну Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерине жасалган чабуулдарга жооп деп түшүндүрдү. Кыргызстанда алдыдагы төрт күн адаттан тыш ысык болуп, абанын табы 40 градустан ашаары эскертилди. Адистер жарандарды бул күндөрү ден соолугуна сак болуп, ачык күн алдында жүрбөөгө чакырууда. -
Ош: Балдарына ВИЧ жуккан ата-энелердин талабы | Жаңылыктар | 10.07.2026 10.07.2026 18minОшто 19 жыл мурун дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан балдардын энелери акцияга чыкты. Алар бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылууда. Төрт айдан ашык убакыттан кийин Ирандын мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин сөөгү жерге берилди. Анын бийлиги репрессиялар, камоолор жана катуу саясий чектөөлөр менен эсте калды. Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. 7-июлда компаниянын учагы күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси сынып кетип, жерге кулап, кырсыктаган. -
Трамп Украинага жүзүн бурдубу? | Жаңылыктар | 09.07.2026 09.07.2026 21minКиев орусиялык баллистикалык ракеталардын мизин кантип кайтарат? Трамп Украинага Пэтриот системаларынын ракеталарын чыгаруу үчүн лицензия берилерин айтты. Ал арада Казакстан өз аймагынан Орусияга дрон учурулганы жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү. Орус медиасындагы мындай маалыматты “негизсиз жалаа” деп атады. Бишкектен Раззаков шаарына учуп барган “Асман эйрлайнс” авиакомпаниясынын учагы техникалык себептен улам кайрадан борборго кайтууга аргасыз болду. Кыргызстанда бир жумада эле учакка байланыштуу эки окуя катталды. -
“ТезЖеттин” учагы эмнеге кырсыкка кабылды? | Жаңылыктар | 08.07.2026 08.07.2026 22minБишкекте 190го жакын адам менен бараткан учактын кырсыктаганы Кыргызстандын авиа тармагындагы коопсуздук маселесин көтөрдү. Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатууга макул болду, эми кыргыз өкмөтү Казакстандан жооп күтүүдө. Ирандын Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге чабуул койгонуна жооп катары, америкалык аскерлер Ирандагы объекттерге сокку урду. -
Бишкекте TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 07.07.2026 07.07.2026 2minБишкекте Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков жана мекеменин буга чейинки төрт кызматкери кармалды. Ал тапта Улуттук коопсуздук комитет Баткендеги “Кадамжай” жана “Чечме” бекеттеринде “пара алууга” айыптап чек арачылар баш болгон 41 кишини кармады. “Альфа” тобунун кызматкерлери катышкан операцияда ок атылганы айтылууда. Киевге жасалган соңку ири чабуулдан курман болгондордун саны өсүп, уранды алдынан адамдар изделүүдө. Бул арада Украина Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү эң ири заводдорунун бирине сокку урду. -
Оштогу уруш боюнча кылмыш иши козголду | Жаңылыктар | 06.07.2026 06.07.2026 19minУкраинанын борбору Киевге жасалган чабуулдан 11 киши мүрт кетип, ондогон адам жараат алды. Орусиянын ракеталардын бири Подольск районундагы тогуз кабат үйгө тийип, имарат жарым-жартылай талкаланды. Кыргызстанда буга чейин “массалык башаламандыктар”, “бийликти күч менен басып алуу” айыбы менен соттолгондордун иши кайра каралышы керекпи? Ташиевдерге пробациялык жаза берилип, эркиндикте калышы көп суроолорду жаратууда. Ошто чакан базардын алдында соодагерлер менен дыйкандын урушунан кийин үч адам кармалды. Окуя шаар мэрине чейин жетип, “ур-токмокко кабылдым” деген дыйканга орун берилди. -
Али Хаменеинин сөөгү жерге берилет | Жаңылыктар | 03.07.2026 03.07.2026 19min“75чилердин каты” боюнча чыккан сот өкүму коомчулукта бир катар суроолорду жаратууда. Иранда өлкөнү дээрлик кырк жыл башкарган жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты башталды. Кыргызстанда 1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштады. -
Ташиевдердин иши боюнча өкүм чыгары күтүлүүдө | Жаңылыктар | 02.07.2026 02.07.2026 18min"75чилердин катына" байланыштуу сот жараяны уланууда. Айыпталуучуларга өкүм чыгары күтүлүүдө. Орус аскерлери өткөн түнү Киевге катуу сокку уруп, кеминде 17 кишинин өмүрү кыйылды. Москва аскердик өнөр жай ишканалары гана аткыланганын билдирди. Ысык-Көлдө сел жүрүп, Чолпон-Ата шаарында конок үйдүн короосун жана эс алуу жайынын имаратын суу каптады. -
Орусиядагы бензин кризисинин Кыргызстанга таасири | Жаңылыктар | 01.07.2026 01.07.2026 17minЖумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынды. Орусияда бензин кризиси тереңдеп баратат. Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын эмки бөлүгүнө иргелип алгандарга Франция, Норвегия жана Мексика кошулду. -
"75чилердин иши": Сот кандай чечим чыгарат? | Жаңылыктар | 30.06.2026 30.06.2026 15min“75чилердин” катына байланышкан сот жараяндын башталганына бир жарым ай болду. Москва шаарынын жана Подмосковьенин бийлиги өткөн түнү украиналык дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын оюндары башталды. -
Ташиев баштаган айыпталуучуларга тогуз жыл жаза суралды | Жаңылыктар | 29.06.2026 29.06.2026 17min“75чилердин каты” боюнча сот отурумунда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сурады. Венесуэлада жер титирөөдөн каза тапкандардын саны бир жарым миң адамга жетти. Маалымат каражаттары 50 миңден көп киши дайынсыз болуп жатканын кабарлоодо. Кыргызстанда күйүүчү майга байланышкан көйгөй күчүндө. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин сатылбай калды. -
Зеленский Лукашенкону коркуттубу? | Жаңылыктар | 26.06.2026 26.06.2026 16minВенесуэладагы катуу жер титирөөдө кеминде 235 киши каза тапты. Депутат Нурбек Сыдыгалиев Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Фархат Иминовду жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын экс-директору Кайрат Маматовду коррупцияга айыптады. Украин президенти Владимир Зеленскийдин эскертүүсүнөн кийин Беларус өз аймагындагы орус дрондоруна жардам көрсөткөн жабдууларды өчүрдү. -
Ошто сел алты кишинин өмүрүн алды | Жаңылыктар | 25.06.2026 25.06.2026 21minВенесуэлада катуу жер титирөө бери дегенде 32 кишинин өмүрүн алып, 700дөн ашык киши жараланды. Борбор шаар Каракаста жана айланасындагы конуштарда көп кабаттуу үйлөр урап калды. Ош-Гүлчө жолунда жеңил машинени сел агызып, ичиндеги алды киши каза тапты. Жаздан бери өлкөдө сел кырсыктар көп катталып, аймактарда коопсуздук маселеси күн тартибине чыгууда. Президент Ат-Башыдагы “Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуяны териштирүүнү тапшырды. Буга чейин ишкер Исабек Абдыгазиев УКМКнын мурдагы жетекчилигинин кысымына туш болуп, бизнесинен ажыраганын айтып чыккан. -
Маматалиев "75чилердин катынын" сырын ачтыбы? | Жаңылыктар | 24.06.2026 24.06.2026 21minКыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо келерки жылы 27-январда болот. Бул туурасында билдирген парламент спикери бүгүн кайрадан "75чилердин катынын" тобокелдигине токтолду. Кыргызстанда бензиндин кымбаттап, аны тамак-аштын баасы да ээрчип баратат. Эл кандай күн көрүп жатат? Оогандык качкындар үйүнө кайтабы? Талиптердин Европага визити жана оогандык мигранттарды мекенине күчтөп кайтаруу демилгеси укук коргоочу активисттердин нааразылыгын жаратты. -
Ширшовдун фонду эмнени көздөйт? | Жаңылыктар | 23.06.2026 23.06.2026 23minБаткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Британиялыктар Еврошаркеттен чыгуу жолун тандаганына 10 жыл болду. Кыргызстанда “Ширшов” коомдук фонду ачылды. Ширшов коомдук ишке активдүү катышуу менен эмнени көздөйт? -
Ташиевдердин иши сотто кайра жабык каралууда | Жаңылыктар | 22.06.2026 22.06.2026 28min“75чилердин каты” боюнча иш сотто кайра жабык каралмай болду. Муну айрым айыпталуучулар колдосо, башкалары каршы болду. АКШ менен Иран 60 күндүн ичинде тынчтык келишимине жетүү боюнча жол картасын макулдашты. Сүйлөшүүлөр аяктаган күнү эле Израил Ливандагы операцияларын улантарын жарыялады. Аскар Акаев президенттин мөөнөтүнө байланыштуу сөзүнө түшүндүрмө берди. Анын Ысык-Көл эл аралык форумунда айткан сөзү коомчулукта талкуу жараткан эле.
Populair in
Deze podcast verschijnt ook in de podcastlijsten van deze landen.