Киши
Elmurat Ashiraliev
0
Кыргызстандагы диний салттар жөнүндө айтып берүүчү подкаст. Подкасттын алып баруучусу Элмурат Аширалиев. Сиз дагы ой бөлүшүү үчүн Instagram аркылуу байланыша аласыз.
ตอน
-
17. Куштар • Qushtar 28.09.2024 16นาทีКудай жок деген ынанымдан жан дүйнөсү тынчтык тапкан Куштардын окуясы.
-
16. Фатима • Fatima 04.04.2022 13นาทีБул эпизод ырчы жана аткаруучу Фатима Султанова жөнүндө болмокчу. Ал өзүнүн жан дүйнө дабышына кантип кулак сала баштаганы жөнүндө айтып берет.
-
15. Улан • Ulan 05.01.2022 18นาทีУлан бул эпизоддун каарманы. Ал ишеними жашоосунда кандай багыт берип келатканын айтып берет. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat
-
14. Асел • Asel 05.07.2021 13นาที“Киши” подкасты кайрадан ободо! Кезектеги эпизоддо бахаи коомунун өкүлү Асел өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Подкаст жакса, дос-тааныштарыңыз менен да бөлүшүп коюңуз. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat
-
13. Болот, Айбек | Bolot, Ajbek 17.09.2020 23นาทีУшуну менен Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезонду жыйынтыктайбыз. Бул сезондун акыркы эпизодунда эки мейманым өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Сиз дагы тутунган диниңиз же карманган ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышыңыз. Бонустук эпизоддор аркылуу амандашканча!
-
12. Карагат | Qaragat 10.09.2020 21นาทีБул эпизоддо Карагат менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы буддизмдин ордун жана маанисин түшүндүрүп берет.
-
11. Кайырбек | Qajyrbek 03.09.2020 22นาทีБүгүнкү чыгарылышта Кайырбектин окуясы менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы машаякчылыктын орду жөнүндө айтып берет.
-
10. Нурбек, Эрмамат | Nurbek, Ermamat 27.08.2020 21นาทีБул эпизоддо эки мейманым бар. Бири Нурбек. Ал ислам динин тутунуп жашоого Саид Нурси аттуу ойчулдун эмгектери салым кошкону жөнүндө ой бөлүшөт. Экинчиси Эрмамат болсо бир мусулман катары бул жашоодо башкы максаты эмне экенин түшүндүрүп берет.
-
9. Айчүрөк | Ajchürök 20.08.2020 22นาทีБул чыгарылышта Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы маанисине токтолот.
-
8. Рухидин | Ruhidin 13.08.2020 23นาทีКыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезон башталды. Бул сезонду Рухидиндин окуясы менен ачабыз. Ал “Кришна аң сезими боюнча эл аралык коому” (ISKCON) деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет.
-
2-сезон. Трейлер 06.08.2020 3นาที“Киши” подкастына куш келиңиз! Экинчи сезонду баштоо алдында турабыз. Бул сезон Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналат.
-
7. Айдай Асангулова 23.07.2020 19นาที“Кийиз дүйнө” коомдук фонду түптөлгөндөн бери эмне иштерди жасап келатканын жана маданий мурастарды сактоо кандай мааниге ээ экени туурасында уюмдун жетекчиси Айдай Асангулова айтып берет.
-
6. Муса Иманалиев 02.04.2020 24นาทีИчкилик, көчөдө жашаган күндөр, өмүрдүн маңызын аңдап түшүнүү… Селсаяктарды жашоого кайтаруу Муса Иманалиев үчүн кандай мааниге ээ? Анын уюму азырынча кайрымдуу адамдардын көмөгү менен иш алып барууда. Келечекте өзүн-өзү каржылап, керек болсо жардамга муктаж болгон коомдун башка аялуу катмарларына кол сунуп иштегиси келет. Муса Иманалиев “Уюм менден кийин деле кызмат кылышы керек, ошого аракет кылып жүрөм” деп беш жыл мурун айткан сөздөрүн азыркы күнгө чейин карманып келет. "Киши" подкастынын 1-сезону ушуну менен аяктады. Жаңы сезон аркылуу амандашканча!
-
5. Мээрим Осмоналиева 26.03.2020 22นาทีАта-энеси бар, бирок ата-энесине кереги жок балдар, жетим-жесирлердин билимине жардам — бул келечекке инвестиция, кыялы жана ой-максаты жок жаштар… Эмне үчүн Мээрим Осмоналиева тоголок жетим балдар жана ата-энеси бар туруп кароосуз калган балдар менен иштеп калган? КАЙРЫЛУУ: Азыркы күндө коронавирустун айынан өзгөчө абал жарыяланган убакта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү азык-түлүксүз жана гигиеналык каражаттарысыз калуу коркунучунда турат. Аларга жардам бериш үчүн “Оэзис Кыргызстан” уюмунун ЭЛСОМ капчыгына акча которсоңуз болот. ЭЛСОМ капчыктын номери 0770554503.
-
4. Төлгөбек Койчуманов 19.03.2020 22นาทีСүрөт көргөзмөгө кимдер келет, коомго кантип таасир берүүнү каалайт, сүрөтчүнүн максаты — сезимди ойготуу… Төлгөбек Койчуманов көркөм өнөр тармагындагы жүрөк өйүткөн маселелер жана КОБ кантип жаралып калганы жөнүндө айтып берет.
-
3. Эрулан Көкүлов 12.03.2020 23นาทีБашкы көйгөй — тамак-аштын сапаты, эл жок — бизнес жок, бир бизнес жабылышы мүмкүн, бирок… “Шекер эмес” долбоорун Эрулан Көкүлов эмне үчүн жасайт?
-
2. Алтын Капалова 04.03.2020 20นาทีФеминизмге байланыштуу калыптанган көз караштар, аймактарда өткөргөн көргөзмөлөр, “Жогорку Кеңештин гүлдөрү”… Аялдардын эл аралык күнүнө арналган чыгарылышта Алтын Капалованын окуясын сунуштайм.
-
1. Азамат Байматов 27.02.2020 21นาทีБекер дүкөн, бейтаптарга берилген жардам, салынган үйлөр, алдап кайрылгандар... Кайрымдуулук Азамат Байматов үчүн кандай мааниге ээ?
-
1-сезон. Трейлер 20.02.2020 1นาทีЖаңы “Киши” подкастына куш келиңиз! Биринчи сезон 2020-жылдын 20-февралында башталат. Бул сезондо коомду жакшы жакка өзгөрткүсү келген жана ал үчүн өз салымын кошкон кишилер менен тааныштырам.
ยอดนิยมใน
พอดแคสต์นี้ปรากฏในชาร์ตพอดแคสต์ของประเทศเหล่านี้ด้วย