Mediakyzdar

Mediakyzdar

Tynymgul Eshieva
Ülke Kırgızistan
Dil KY
Bölüm 27
Son 04.11.2025

Бул подкаст медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар жөнүндө. Алардын иши, кыялдары жана күнүмдүк кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканы жөнүндө баяндама. Кыргызстандын медиа тармагына көз чаптырсак, көптөгөн ЖМКлардын аял жүзүн белгилебей коюуга болбойт, алар коомдук пикирди калыптандырып, жоопкерчиликтүү журналистиканы өнүктүрүп, бизге маанилүү маалыматтарды берип турушат.

Bölümler

  • Бермет Борубаева, исследовательница в сфере транспорта и экологии: «Мы продолжим борьбу за троллейбусы» 04.11.2025 35dk
    В этом выпуске Медиакыздар - Бермет Борубаева, исследовательница в сфере транспорта и экологии.Она верит, что троллейбусы - это не просто транспорт, а символ города, где можно дышать. Мы поговорим о том, почему Бишкек задыхается от машин, как общественный транспорт может стать решением, и почему борьба за троллейбусы — это борьба за будущее города и его жителей.Бермет расскажет, с чего начался ее активизм, как реагируют власти, и что нужно, чтобы горожане снова поверили в общественные решения.
  • Upkel - красота из отходов. Разговор с Чинарой Султаналиевой 31.10.2025 34dk
    Чинара Султаналиева - основательница проекта Upkel, который вдохновляет людей перерабатывать и создавать новое из отходов.Разговор о переработке, экодизайне и социальном предпринимательстве в Кыргызстане.Слушайте #MediaKyzdar на YouTube, в Telegram и Apple Podcasts.
  • Треш фестивали, экогиды и культура потребления: Аймээрим Турсалиева о Tazar 22.10.2025 42dk
    Этот выпуск уже на русском с Аймээрим Турсалиевой, с которой мы встретились сразу после проведения треш фестиваля в Оше, она рассказала как они начинали работу Tazar вместе с Айнурой Сагынбаевой, какие сейчас реализуют проекты и как образовательные мероприятия помогают нам быть экологически осознанными.
  • Нурзат Абдырасулова: "Климат өзгөрүп жатат - биз да өзгөрүшүбүз зарыл" 26.08.2025 37dk
    "Медиакыздар" подкастынын бул чыгарылышында биз Юнисон компаниясынын негиздөөчүсү жана жарандык активист Нурзат Абдырасулова менен маектешебиз. Ал энергетика тармагындагы ачыктык, жарандык активизм жана жашыл энергия темаларын көтөрөт. Кыргызстандагы жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча таасирдүү үн катары, Нурзат коомдук көзөмөлдүн жана жарандык үндүн бүгүнкү күндө кандай мааниге ээ экенин түшүндүрөт. Угуп көрүңүз, пайдалуу болот!
  • Гүлбара Оморова: "Экология — бул романтика эмес, бул күнүмдүк аракет". 02.07.2025 37dk
    Бул сезон — жаратылышты, жерди, сууну жана жашоону коргоо үчүн аракет кылып жаткан аялдар тууралуу. Аялдар экологияда — бул жөн гана тема эмес, бул күнүмдүк иш, талыкпаган күрөш жана чоң жоопкерчилик.Сезонубуздун биринчи каарманы — эколог, изилдөөчү — Гүлбара Оморова. Ал жаратылыш менен өзгөчө байланышта жашап, көйгөйлөрдү көрүп гана тим болбостон, алар тууралуу үн чыгарат, илимий жана практикалык чечимдерди сунуштайт.
  • Бактыгүл Чыныбаева тематикалык журналистика жөнүндө жана эл аралык карьераны эмнеден баштаса болот 04.06.2024 39dk
    Журналист Бактыгүл Чыныбаева менен Мичиган университетинен престиждүү  Knight-Wallace стипендиаты болуп, 2024-жылдын күзүндө окуй баштаарын социалдык тармактар ​​аркылуу жарыялаган кабардын алдында жолуктук. Ал ортодо бир жылга жакын убакыттан бери Эркин Европа (“Азаттык”) радиосунун Прагадагы кеңсесинде иштеп, эл аралык аудитория үчүн ар кандай темада контент даярдап келет. Бактыгулдун чагатай тили боюнча магистратурасын жактаганын билесизби? Ал бул жөнүндө жана жалпысынан, ага үйрөнүүгө, шыктанууга жана иштөөгө эмне жардам берет, абдан жылуу жана ачык айтат.Бул подкастта Бактыгүл жеке окуясы жана журналистикадагы басып өткөн жолу менен бөлүшөт. 
  • Медиакыздар Суусамыр ФМден салам айтат 19.04.2024 13dk
    Бул өрөөнгө 12 жылдан бери обого чыгып келе жаткан Суусамыр FM чакан аймактык радиосунун "Медиакыздар" подкастынын өзгөчө чыгарылышы. БААУнун студенттери, Жамааттык медиа ассоциациясынын директору Назира Жусупова, Жаратмандар ассоциациянын жетекчиси Назгүл Кубакаева менен бирге радиого барып, аймактардагы адамдар ММКда кандай иштеп, жаратмандыгын өнүктүрүп жатканын билүүгө аракет кылдык. Биз радиодо эфирге чыгып, саякат тууралуу подкаст дагы жаздыра алдык. Үндү БААУнун студенттери Алина Байтокова жана Масума Махамадалиева жаздырышкан, монтажда Санжар Эралиев.
  • 2023-жыл медиа сынчылардын көз карашында 20.12.2023 37dk
    Бул жылы Кыргызстандын медиа тармагында глобалдык индексте сөз эркиндигинин төмөндөшүнөн, маалымат каражаттарынын блоктолушунан баштап, глобалдык иликтөө конференциясында кыргыз журналисттери катышып, жаңы форматтарды өздөштүрүүгө чейин жакшы да, жаман да көптөгөн окуялар болду. Медиа сынчылар Бурулай Пусурманкулова менен Асел Сооронбаева жеке пикири жана кесиптештеринин иши боюнча жыл жыйынтыгы менен бөлүшүштү. “Медиакыздар” подкаст жыйынтыгын чыгарып, 3-сезонду жалпы 20чы эпизод менен аяктайт.
  • Майраш Базлакунова: "Мен инсайдердик маалыматтан хайп жараткым келбейт". 01.06.2023 23dk
    Бүгүн #MediaKyzdar подкастында Майраш Базлакунова, ал  өзүнүн автордук  Youtube   каналында белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, шоу-бизнес жана ЖМKлардын өкүлдөрү менен баарлашууда. Подкастта ал өзүнүн ишин жүргүзүүнүн, ийгиликтүү интервьюлардын жана фрилансердиктин сырлары менен бөлүшөт. Майраш Базлакунова, 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган. «Эркин-Тоо» гезитинде журналист болуп иштеп баштаган, 1996-2007-жылдары КТРКда радио алып баруучу, маалыматтык-аналитикалык берүүлөрдүн модератору, Биринчи радиодо баяндамачы болуп иштеген. 2019-жылга чейин «Марал» радиосунун редактордун орун басарын, андан кийин башкы редактору болуп иштеген. 2016-жылдан ушул күнгө чейин «Базлакунова Медиа» ЖЧКсын жетектеп, автордук каналында интервьюларды жарыялап келет.
  • 3 сезон. «Медиакыздар» академиясы аймактардагы кыздардын башын бириктирет 12.04.2023 30dk
    Бул чыгарылышта IDEA Борбордук Азия долбоорунун Медиакыздар академиясынын кыздары менен тааныштык. IDEA  Борбордук Азия уюмунун медиакоординатору Камила Усманова «Медиакыздар» долбоорунун жыйынтыгы тууралуу айтып, "Баткенге кат" демилгесинин окуяларын баса белгиледи. Баткенден Курсанай Азимова жана Таластан Мээрим Алымбаева Бишкекке келип, ишкерликти үйрөнүп, ошондой эле өз идеяларын чоң иш-чарада тартуулашты. Бүгүнкү күндө аймактарда кайсы каналдар популярдуу болуп жатканын, жаңы медиа кыздарга кандай жардам берери жөнүндө бул эпизоддо кеп кылдык. Ошондой эле кыздар өздөрүнүн жеке окуялары жана жетишкендиктери менен бөлүшүп, медиа адамдардын жашоосуна кандай таасир эткенин, кайсы темалар аймактарда актуалдуу болуп жатканын айтып, максаттарын да жарыялашты.
  • 3 сезон. Азиза Мурзашова: “Аутизми бар баланын энеси болуу жөнүндө бөлүшөм” 29.03.2023 43dk
    Жаңы медиадагы аялдар тууралуу сөз кылган #MediaKyzdarдын үчүнчү сезонун бул чыгарылышында  SMM адиси Азиза Мурзашова менен маектештик. Ал аутизм менен төрөлгөн баланын энеси болуунун тажрыйбасы, @ozgocho.kyrgyzstan Инстаграмм баракчасынын максаттары менен бөлүштү. Cоциалдык тармактарда жек көрүчүлүккө жооп берүү жолдорун жана аялдардын укугун коргоо боюнча жаңы медиа кандай жардам берерин айтып берип, деги эле жөнөкөй кыргыз кыздын жашоосун сүрүү кандай экенин түшүндүрдү.
  • 3 сезон. “Эже-Сиңдилер” программасы: “Биз аялдар бардык темаларда сүйлөй турганын белгилебиз келет”. 30.01.2023 35dk
    Алия менен Айгерим бир нече жылдан бери “Азаттык медиасында” “Эже-синдилер” программасын алып барып, коомчулукту түйшөлткөн ар кандай маселелерди көтөрүп келишет. Подкасттын бул чыгарылышында Алия менен Айгерим жеке окуялары жана жаңы медиа аркылуу аудиториялары менен кантип баарлашары, медиа сабаттуулук жана гендердик сезимталдык деген эмне, алардын ою боюнча маалымат дүйнөсүндө тең салмактуулукту кантип сактоо керектиги тууралуу айтып беришти.
  • 3 сезон: МедиаЖаса долбоорунун медиакыздары сүйлөйт 12.12.2022 24dk
    Бул чыгарылышта IDEA CA тарабынан "Сорос-Кыргызстан" Фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан MediaJasa долбоорунун 2022 -жылынын бүтүрүүчүлөрү cүйлөйт. Эпизод "Медиакоон: Эркиндик үчүн" форумунун жүрүшүндө жазылган, ал жерде каалагандар подкасттарын жаздыра турган подкаст бөлмөсү болгон.  MediaKyzdar бүгүнкү медиакыздар менен баарлашууну чечти. Айжан Таштанова, Гүлназ Камбарали кызы, Гулиза Урустамбек, Мээрим Айныкеева, Айзирек Эркебаева, Зарина Боогачиева, Эркайым Алиева медиа долбоорлору жөнүндө кеп салып, коомго канчалык пайдалуу экенин айтып беришти. 
  • Венера Сагындык кызы: “Cөз эркиндиги улуттук мүнөзүбүздө табигый нерсе” 22.11.2022 39dk
    Венера Сагындык кызы (Джуматаева), Эркин Европа/Азаттык радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. #MediaKyzdar подкастында ал бүгүнкү күндөгү сөз эркиндигин талдап, жеке ойлору менен бөлүшүп, кыргыз журналистикасынын тарыхына кайрылып, ага таасир эткен окуяларды, аттарды, анын ичинде Азаттыктын ордун, тарыхын белгиледи. 2001-жылдан бери Эркин Европа/Азаттык радиосунун радионун Прагадагы кеңсесинде журналист, редактор, жетекчи болуп иштейт. Бир жыл журналисттерге тренер, дагы бир жылдай Борбор Азия боюнча регионалдык директордун милдетин аткаруучу болуп иштеген. Азыр Борбор Азия боюнча редактордун милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. 1990-жылдары "Азаттыктын" Кыргызстандагы эркин журналисти, Британиянын Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда кабарчы болгон. Кыргыз, орус, англис тилдеринде макалалары жарык көргөн. Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектепте пианист, музыка таануучу адистиги боюнча билим алган. 2004-жылы "Азаттык+" жаштар программасын ачып, редактор-продюсери болгон.
  • Максуда Айтиева: “Радио “Салам” менин үчүнчү балам эле болуп калды” 14.11.2022 39dk
    Подкастта Максуда Айтиева Баткенде алгачкы көз карандысыз радио кандайча түзүлгөнү, йигилик сырын жана 2000-жылдардын башында журналистиканын өнүгүүсү жана көйгөйлөрү, аймактарда медианы өнүктүрүү эмне үчүн кыйын болуп жаткандыгы тууралуу айтып берди, кыргыздарда сөздүн күчүн жана касиетин талдап акындардын медиасабаттуулукка кошкон салымын белгиледи.
  • Тамара Валиева: «Мы в «Замане» были совершенно свободными, хотя в это сложно поверить сейчас» 02.11.2022 43dk
    Если говорить об истории кыргызской журналистики, то ТВ являет собой большой пласт работы медиасреды того времени и конечно же монополию держал первый канал страны – КТР, впоследствии КТРК и сегодня это государственный канал. Одним из первых в стране утреннюю программу запускали на КТР и до сих пор “Замана” – утренняя программа - выходит в эфире главного канала страны. Тамара Валиева, одна из тех кто стоял у истоков утренней программы на КТР, в подкасте #MediaKyzdar рассказала о том как страна переходила на ТВ вещание на заре независимости и как дальше развивался главный канал страны.
  • Шайиста Шатманова: “Супер-Инфо” - кыргыз гезиттеринин америкалык кыялы болгон 27.09.2022 30dk
    #МедиаКыздар подкасты медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар менен тааныштырып келе жатат. Экинчи сезон  кыргыз журналистикасынын тарыхына арналат. Кыргыз журналистикасынын тарыхын айта турган болсок, эң популярдуу гезиттерди эстен чыгарбашыбыз керек. Алсак, эң көп нускалуу «Супер-Инфо» гезити. Мен бул басылманын мурдагы башкы редактору жана директору Шайиста Шатманованы маекке чакырдым. Шайиста Шатманова 1981-жылы 16-октябрда Ала-Бука районунун Биринчи-Май айылында туулган. 2003-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтун бүтүргөн, кесиби боюнча журналист.
  • Аскер Сакыбаева: «Кыргызстан эгемендик алгандан кийин журналистикасы абдан эркин болгон» 14.09.2022 51dk
    Биринчи чыгарылышта Аскер Сакыбаева менен 90-жылдардын ортосу, 2000-жылдардын башындагы кыргыз тилдүү гезит журналистикасы, маалымат айдыңы кандай калыптанганы, бийлик, аудитория менен мамилеси кандай болгондугу тууралуу кеп кылабыз. Аскер Сакыбаева – журналист, редактор, Кыргызстандын медиа аракеттери платформасынын Координациялык кеңешинин мүчөсү. Кыргыз радиосунда КТРКда кабарчы, андан соң «Асаба» гезитинде кабарчы, жооптуу редактор, «Агым» гезитинде кабарчы, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары, редакторлук кызматтарды аркалап, «Жетимен» адабий журнал редакциясын жетектеген жана «Алас» коомдук-саясий гезитинде жооптуу катчы болуп иштеген. Акыркы жылдары ал эркин журналист катары иш алып барат.
  • Кыргыз медиаларынын тарыхы: Аскер Сакыбаева менен эпизоддун тизери 13.09.2022
    Биринчи чыгарылышта Аскер Сакыбаева менен 90-жылдардын ортосу, 2000-жылдардын башындагы кыргыз тилдүү гезит журналистикасы, маалымат айдыңы кандай калыптанганы, бийлик, аудитория менен мамилеси кандай болгондугу тууралуу кеп кылабыз. Аскер Сакыбаева – журналист, редактор, Кыргызстандын медиа аракеттери платформасынын жана платформанын Координациялык кеңешинин мүчөсү.
  • Сюита Соурбаева: «Азыркы элдин талабы – ар бир жарандын үнү бийликке жетиш керек» 15.08.2022 29dk
    Сюита Соурбаева телевидениеде жаңы эмес киши, ал көп жылдар бою республикалык жана жергиликтүү телеканалдарда түрдүү кызматтарда иштеген. “Медиакыздар” подкастында Сюита журналист катары басып өткөн жолу, мамлекеттик маалымат каражаттарынын ишин кандай көрөөрү, аймактык ЖМКлар кандай кыйынчылыктарга дуушар болорун, популярдуу каналдын түз эфирине чыгуу жана  катуу жетекчи болуу кандай болору тууралуу айтып берди.

Şurada popüler

Bu podcast şu ülkelerin podcast listelerinde de yer alıyor.