Апта Азаттыкта
ЭЕ/АҮ
0
Бул подкаст Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маанилүү окуяларды жумалык көз караш менен талкуулайт. «Азаттыктын» баяндамачылары жаңылыктарды терең талдап, көпчүлүк байкабаган өңүттөрдү ачып беришет. Ар бир чыгарылышта өлкөнүн саясий, социалдык жана маданий жаңылыктарына кыскача баян берүү менен катар эксперттик пикирлерди уга аласыз. Подкаст кыргыз тилинде сүйлөгөн аудиторияга арналган.
Bölümler
-
"Шайлоого барбасаң айлык жок". Президенттикке кимдер талапкер болот? 26.09.2026 19dkКазакстанда Каспий деңизинде аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусу маалында жоокерлер каза болгон трагедия катталды. Жакындары буга жол берген аскер жетекчилерин жазага тартууну талап кылууда. Кыргызстанда парламент расмий түрдө прездинттик шайлоо мөөнөтүн бекитти. Алдыдагы жарышка кимдер чыгат? -
Кезектеги коррупциялык жаңжалбы? Базарда сатылган окуу китеби 20.09.2026 14dkӨтүп бараткан аптада Кыргызстанда мектептерге жетпеген китептер базарларда сатылууда деген чуулуу окуя чыкты. Бул кезектеги коорупциялык чоң жаңжал болуп калабы? Кыргызстан агартуу тармагы канча каражат бөлөт? -
Ташиевдерге карата өкүм жумшардыбы? 13.09.2026 16dkӨтүп бараткан аптада Кыргызстанда "75чилер каты" боюнча Ташиев баштаган сегиз кишиге карата Бишкек шаардык соту өкүмүн чыгарды. Шаардык сот мурдагы беренелерди алмаштырып, жазаны жеңилдеттиби? Кыргызстандык мектеп окуучулары PISA сынагындагы рейтингде акыркы ондукка киргени талкууга түштү. -
Бишкектеги саммит: Москва менен Тегеран Кытайдан колдоо издейби? 05.09.2026 14dkАпта башында Кыргызстан башкалаасы Бишкекте дүйнөлүк саясаттагы быйылкы жылдын маанилүү окуяларынын бирине айланган масштабдуу иш-чара өттү. Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммити тууралуу дүйнөлүк медиа эмне деп жазды? “Апта Азаттыкта” айтып берибиз. -
Кыргызстан сырттан кара май ташууну диверсификациялайт 03.08.2026 20dkКыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май ташып келүүнү макулдашты. Андан тышкары Азербайжан, Кытай, Беларустан май ташуунун жолдору сүйлөшүлдү. Күйүүчү май кризисинен улам Кыргызстан бул жаттагы импортту диверсификациялоо аракетин көрүүдө. -
Борбор Азия аялдар үчүн азаппы? 02.08.2026 22dkЗомбулуктан кыйылган өмүрлөр, талкаланган тагдыр жана жабыркаган ден соолук бир үй-бүлөнүн эле маселеси эмес, ал социалдык көйгөй. Бүгүнкү подкастта Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы коомдун оорусуна айланган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу сөз кылабыз. -
Украина эмне үчүн Wildberries'ти бутага алууда? 24.07.2026 17dkУкраиналык дрондор өтүп бараткан аптада үч ирет Wildberries маркетплейсинин Орусиянын бир нече аймагында, аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан кампаларына, логистикалык борборлоруна сокку урду. Маалыматтарга караганда, сегиз киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Материалдык чыгым тарткандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Эмне үчүн украин армиясы Wildberries бутага алып келатат? -
Учак кырсыгы: TezJet лицензиядан ажырады 11.07.2026 17dkКыргызстанда өтүп бараткан аптада Бишкектен Ошко учуп бараткан учуп жаткан учак кырсыкка кабылып, жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Ага удаа эле Раззаков шаарына учуп барган учак техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкекке кайтууга аргасыз болгон. Жарандык авиация агенттиги бардык авиакомпаниялардын учактарын текшере баштаганын билдирди. Казакстандын Конституциялык соту өлкөдө жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Касым-Жомарт Токаевдин мурдагы президенттик мөөнөтү эсепке алынбайт деген чечим чыгарды. “Алмашылгыс президенттер” Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө мүнөздүү. Бирок чөлкөмдө демократ жана өтө билимдүү президент кабары сыпатталган Токаевдин тескери өрнөгү башкаларга кандай таасирин тийгизет? -
Күйүүчү май таңкыстыгы, “75чилердин катына” сот өкүмү 04.07.2026 15dkОрусияда күйүүчү майдын тартыштыгы бүт өлкөнү кучагына алып, бензин чектөөлөр менен сатылууда. Керектөөлөрүнүн баарын Орусиядан алган Кыргызстанда жагдай кандай болот? Кыргызстанда бийликти алмаштыруу, төңкөрүш аракети катары сыпатталып жаткан “75чилердин каты” аталган окуяга райондук сот чекит койду. Февраль айында " Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, бийликтеги тандемдин урашы, соңу келип мунун аягы эмне менен бүтөт деген чоң суроону жараткан. “Апта Азаттыкта” ушул эки окуя тууралуу сөз кылабыз. -
Ташиевдердин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп? 27.06.2026 18dkӨтүп бараткан аптада коомчулукта “75чилердин каты” деп аталган окуя боюнча сот иши кайрадан жабык каралмак болду. Ташиев баштаган сегиз кишинин үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүү аптаптуу жайдын чоң саясий окуясы болууда. Ал тапта Ысык-Көл форумуна бир катар эл аралык реакциялар болду. Бирок Кыргызстандын өзүндө ага карата сын-пикирлер күчөдү. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин форумга катышканы, анын айрым билдирүүлөрү бул аптанын негизги талкууланган темалары болуп калды. “Апта Азаттыкта” мына ушул эки окуя тууралуу айтып беребиз. -
Ташиевдин соту ачык өтөт: “75чилердин катындагы” сыр ачылабы? 13.06.2026 14dkӨтүп бараткан аптада АКШ, Мексика жана Канадада футбол боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Чемпионатка катышып жаткан Иран жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Кыргызстанда коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз кишинин соту ачык өтмөй болду. -
Орусиянын Арменияга опузасы эмне менен аяктайт? 06.06.2026 21dkАпта соңунда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында Орусия Ераванга кысымын күчөтүп, армян экспортуна тыюу салууда. Еравандын өз алдынча саясатын жактырбаган Москванын басымы эмне менен аяктайт? Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эмне берет? -
Кыргызстан күйүүчү май баасын кантип ооздуктайт? 24.05.2026 17dkБул аптада Орусия Украинага согуш ачкандан берки эң масштабдуу дрон жана ракета чабуулдарын жасады. Дрондор кантип согуштун негизги күчүнө айланууда? Кыргызстанда дизелдин баасы 100сомго жакындап калды. Дүйнөдө 30 пайызга чейин өскөн күйүүчү майдын баасын кыргыз өкмөтү кантип ооздуктап жатат? -
Ташиевдин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп? 16.05.2026 16dkӨтүп бараткан аптада дүйнөлүк медиалардын негизи көңүлү Бээжинге бурулду. АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпин эмне тууралуу сүйлөштү? Ирандагы согуш боюнча Кытайдын позициясы кандай? Кыргызстанда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш сотко өттү. -
Мунай каатчылыгы дүйнөнү мукуратабы? 26.04.2026 17dkОрмуз кысыгындагы кырдаалдан улам Азиянын айрым өлкөлөрүндө күйүүчү майга болгон таңкыстык жаралууда. Экономикасы кубаттуу Индия жана Кытай сыяктуу ири өлкөлөр бул маселени кандай чечет? Кыргызстандын президенти Жапаровдун Кремлге күтүүсүз сапары жана Евробиримдиктин санкциялары. -
Президентке даттанган эл, мамлекеттик органдарга сын 18.04.2026 18dkИран Ормуз кысыгы убактылуу ачылганын билдирди. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттери уланууда. Кыргызстанда президент Жапаров Оштун райондорун кыдырып элдин арыз-арманын укту. Медиа ачык чагылдырган жолугушуулардан кийин эмнеге мамлекеттик органдарга сын-пикир күчөдү? -
Пикир үчүн соттолгондордун иши кайра каралабы? 12.04.2026 18dkАКШ менен Иран ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу келишимге жетти. Ал тапта Израил Ливанды тынымсыз бомбалап жатат. Кыргызстанда “Кылым шамы" укук коргоо уюму соңку төрт жыл ичинде соцтармактарга жазган пикири жана бийликке сын айтканы үчүн соттолгондордун ишин кайра карап чыгууга чакырды. -
Шайырбек Ташиевдин камалышы: коррупция жана саясий тиреш 04.04.2026 17dkБул аптада Ирандагы согуштун дүйнөгө кесепеттери тууралуу көбүрөөк сөз болду. Медиалар кымбаттоолор тууралуу жазууда. Кыргызстанда УКМКнын мурдагы төрагасы, өлкөнүн экинчи адамы, бийликтин каары, сүрү катары айтылып келген Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев камалды. -
Иран жана Украина: эки согушту эмне байланыштырат? 28.03.2026 20dkӨтүп бараткан апта дүйнөлүк медианын негизги темасы дале согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыш менен Украина болду. Иран менен Украинадагы согушту эмне байланыштырат? Кыргыз парламентинин төрагасы Москвадагы расмий жолугушууларында мигранттар көйгөйүн козгоду. -
Трампты таарынткан НАТО, баасы асмандаган мунай 21.03.2026 18dkИзраил Ирандын Перс булуңунда жайгашкан ири газ кениндеги заводго сокку урганы кырдаалды огобетер курчутту. Дүйнө энергетикалык кризиске кептелеби? Кыргызстанда өлкөдөн чыгып кеткен коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы К.Ташиевдин кайтып келиши бул аптадагы эң урунттуу окуялардын бири болду.
Şurada popüler
Bu podcast şu ülkelerin podcast listelerinde de yer alıyor.