Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

ЭЕ/АҮ
Country Kyrgyzstan
Genres Daily News, News
Language KY
Episodes 250
Latest 18.11.2026

Бул подкаст Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан күндөлүк жаңылыктарды камтыйт. Ар бир чыгарылышта өлкөдөгү жана дүйнөдөгү орчундуу окуялар талкууланат. Угуучуларга актуалдуу маалыматтарды жеткирүү максатын көздөйт.

Episodes

  • Кара-Суу: соодагерлердин митинги, Туманбаевдин убадасы | ЖАҢЫЛЫКТАР | 18.11.2026
    Кара-Суу: соодагерлердин митинги, Туманбаевдин убадасы | ЖАҢЫЛЫКТАР | 18.11.2026 18.11.2026 23m
    Президенттик шайлоого байланыштуу маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Арым депутаттар Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн сынга алды. Кара-Сууда "Туратали" базарында иштеген соодагерлер ижара акынын кымбатташына нааразылык билдирип чыкты. Аларга Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жолукту. Бейшембиде Си Цзинпин, Владимир Путин жана Дональд Трамп Украинадагы согуш, өзөктүк куралды көзөмөлдөө, Ирандагы согуш, жасалма интеллект өңдүү эл аралык саясаттагы негизги темаларды талкуулайт.
  • Жапыкеев менен Суваналиев президентке эмнеге жолукту? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 17.11.2026
    Жапыкеев менен Суваналиев президентке эмнеге жолукту? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 17.11.2026 17.11.2026 24m
    - Жапыкеев менен Суваналиев президент менен эмнени сүйлөштү? Шайлоого катышам деген айрым саясатчылардын президентке жолукканы суроолорду жаратты. - Бул арада Монголияда саясий жаңжал күч алды. Оппозициянын айыптоолорунан улам президент Ухнаагийн Хурэлсух кызматын тапшырарын жарыялады. - Кремлдин НАТО боюнча талабы талкуу жаратты. Борбор Азия Орусияга жооп береби?
  • Чаткал: Алтын уурдаган схеманы кимдер уюштурган? | Жаңылыктар | 16.11.2026
    Чаткал: Алтын уурдаган схеманы кимдер уюштурган? | Жаңылыктар | 16.11.2026 16.11.2026 22m
    "Алтын артындагы схема". Чаткалдын акими жана милиция башчысы “коррупцияга” шектелип камалды. Милиция кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо уланып жатканын билдирди. Ошто турак жайда чыккан өрттөн бир үй-бүлөнүн үч кызы набыт болду. Үй ээси кыздарын куткаруу үчүн жалын чалган үйгө кирүүгө аракет кылып, өзү да катуу күйүп калган. Прагада миңдеген адам коомдук медианы коргоп чыкты. Бул өлкөнүн азыркы тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы болуп калды.
  • Астанада “асмандан доллар” жаады. Казакстандагы коррупция | Жаңылыктар | 13.11.2026
    Астанада “асмандан доллар” жаады. Казакстандагы коррупция | Жаңылыктар | 13.11.2026 13.11.2026 15m
    Садыр Жапаровдун “президенттик шайлоонун алдында түштүктө улут аралык жаңжал чыгаруу аракети болуп жатканы” тууралуу билдирүүсү талкуу жаратты. Президенттин эскертүүсүнүн төркүнү эмнеде? Астанада “асмандан доллар” жаады. Казакстанда “Самрук-Казына” жана “Казакстан темир жолу” компанияларынын жетекчилеринин кармалышы жана терезеден ыртыгылган акчалар чоң резонанс жаратты. Мэрия Бишкекте жол тыгынын чечүү үчүн машинелердин кыймылын чектөө керектигин билдирди. Бирок мындай чаралар жакынкы убакта колдонулбай турганын кошумчалады.
  • Президент Жапаров кимдерге эскертүү берди? | Жаңылыктар | 12.11.2026
    Президент Жапаров кимдерге эскертүү берди? | Жаңылыктар | 12.11.2026 12.11.2026 20m
    Кыргызстанда президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү дээрлик соңуна чыкты. Ушул тапта 11 адам арыз берди. Алар кимдер жана саясий салмагы кандай? Ал тапта президент Садыр Жапаров “шайлоонун алдында түштүктө улут аралык кастыкты козутууга аракет кылган саясатчылар бар экенин” айтып, аларга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти. Орусия жана Украина Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө туткун алмашууну гана макулдашты. Байкоочулар мындан башка олуттуу алга жылуу байкалбаганын айтып жатышат.
  • Амирдин өлүмү: министр сөгүш алып, иш козголду | Жаңылыктар | 11.11.2026
    Амирдин өлүмү: министр сөгүш алып, иш козголду | Жаңылыктар | 11.11.2026 11.11.2026 20m
    Ала-Арча капчыгайында каза болгон Амир Кунакуновдун өлүмү боюнча коомчулуктун сын-пикиринен кийин кылмыш иши козголуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу үч кызматкери жумуштан алынды. - Ал тапта Амирдин апасы Кенже Акиева Жогорку Кеңештин экс-депутаты, жолдошу Максат Кунакунов жалган жалаа менен камакта отурганын айтып чыкты. Милиция иш боюнча маалымат таратты. - Орус армиясынын катарына кошулган Бангладештин кеминде 20 жараны Украинадагы согушта каза болду. Алардын көбү аскердик даярдыктан өткөн эмес.
  • "Жардамды аягына чейин жылбай күтүптүр". Амирдин өлүмү, ӨКМдин дарегине сын | Жаңылыктар | 10.11.2026
    "Жардамды аягына чейин жылбай күтүптүр". Амирдин өлүмү, ӨКМдин дарегине сын | Жаңылыктар | 10.11.2026 10.11.2026 20m
    Ала-Арча капчыгайында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү жерге берилди. Тоодон адашып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзү кабар бергенине карабай ал аман-эсен куткарылган жок. Кыргыз өкмөтү кырсыктын чоо-жайын териштирет. Израилдин президенти Ицхак Герцог жаңы өкмөттүн курамын түзүүнү “Яшад” партиясынын лидери Гади Айзенкотко берип, өкмөттү куроо аракети уланууда. Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Ушуну менен мамлекет башчы болом деген алты киши талапкерлигин койду.
  • “Жүрөккө сайыптыр”: Айжибек Түркияда каза болду | Жаңылыктар | 09.11.2026
    “Жүрөккө сайыптыр”: Айжибек Түркияда каза болду | Жаңылыктар | 09.11.2026 09.11.2026 20m
    Кыргызстанда ушул апта президенттикке талапкер көрсөтүү жараяны аяктайт. Азыр беш киши Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, кол топтоо менен алек. Түркиянын Стамбул шаарында 35 жаштагы кыргызстандык Айжибек Нургазиева бычак жеп каза тапты. Кылмышка шектелип кыргызстандык кыз кармалды. Польшада алты кишини атып өлтүргөн жергиликтүү тургун ооруканада каза болду. Кол салуудан чет өлкөлүк туристтер да набыт болуп, 16 адам жаракат алды.
  • Президенттикке талапкерлердин карааны | Жаңылыктар | 06.11.2026
    Президенттикке талапкерлердин карааны | Жаңылыктар | 06.11.2026 06.11.2026 16m
    Президенттикке талапкер болуш үчүн топтолчу 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасы боюнча суроо жаралды. Аны “Түндүк” тиркемеси аркылуу гана топтоо керекпи же кол менен жазып да чогултса болобу? Бул арада мурдагы депутат Исхак Масалиев президенттике талапкерлигин көрсөтүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Саясатчы Бектур Асанов да талапкерлигин коерун билдирди. Мелания Трамп Ак үйдө Орусия менен Украинанын өкүлдөрүн кабыл алды. Ал Олешки шаарында ок атышууну убактылуу токтотуу келишимин Украинадагы согушту токтотууга карай алгачкы кадамдардын бири катары баалады.
  • Жемкорлукка жаза: УКМКга доомат, сот эмнеге таянат? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 05.11.2026
    Жемкорлукка жаза: УКМКга доомат, сот эмнеге таянат? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 05.11.2026 05.11.2026 22m
    Президент Садыр Жапаров “Газпром Кыргызстан” компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткарбаса, өкмөт аны Кумтөр кениндей кылып мамлекетке алып коёрун эскерткенин айтты. Кыргызстан газ тармагын өзү башкара алабы? 2 миң сом пара үчүн эки жылга кесилген жарандын жагдайынан кийин Жогорку сот мыйзамга өзгөртүү киргизмей болууда. Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кабыл алган мыйзамдын тегерегинде талкуу күчөдү. АКШдагы шайлоонун жыйынтыгын талдоочулар Трамптын саясатына берилген баа катары сыпаттап жатат. Кымбатчылыктан тышкары бул жолу Ирандагы согуш добуш берүүгө чоң таасир тийгизди.
  • Жапыкеев бийликтин саясий долбоорубу? | Жаңылыктар | 04.11.2026
    Жапыкеев бийликтин саясий долбоорубу? | Жаңылыктар | 04.11.2026 04.11.2026 23m
    Жапыкеев бийликтин саясий долбоорубу? Президенттик шайлоого катышам деген саясатчынын сынына бийликтин көтөрүмдүү мамилеси талкууларга жем таштады. Кымбатчылык элди кыйнады. Бааларды туруктуу кармоо үчүн эмне кылуу керек? Эксперттер ой болүшөт. АКШ тарыхындагы алгачкы мусулман-сенатор. Кошмо штаттарда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Демократиялык партия Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүккө жетишти.
  • Ташиев кеткени Атайын кызматта эмне өзгөрүү болду? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 03.11.2026
    Ташиев кеткени Атайын кызматта эмне өзгөрүү болду? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 03.11.2026 03.11.2026 19m
    Аймактарда Атайын кызматтын дарегине даттануулар ачык айтылып жатат. Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден бери эмне өзгөрдү? Акыйкаттык издеген элдин үнүн бийлик канчалык угуп жатат? Бул арада абактагы ишкер Имамидин Ташов президентке кайра кат жазды. Ал мамлекет башчысын абактагы кыйноолор тууралуу маалыматтарга көңүл бурууга чакырууда. Украинанын Камышеваха кыштагына жасалган аба соккуларынан 30 дай киши каза болду. Курман болгондордун көбү мектепке гуманитардык жардам алуу үчүн келген жай тургундар экени айтылууда.
  • Бийликти сындаган Жапыкеевге "Ынтымак Ордо" жооп берди | Жаңылыктар | 02.11.2026
    Бийликти сындаган Жапыкеевге "Ынтымак Ордо" жооп берди | Жаңылыктар | 02.11.2026 02.11.2026 14m
    Кызыл-Кыяда Дилфуза аттуу келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө. Маркумдун артында үч баласы калды. Европада жаштар кымбатчылыкка нааразы болуп, акцияга чыгууда. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар катталды. Кымбатчылык көйгөйүн Кыргызстанда саясатчы Сыймык Жапыкеев да көтөрүп, бийликти сындады. Ага "Ынтымак ордо" жооп берди.
  • Анкара саммити: Эрдоган менен Алиевдин ортосунда эмне болду? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 30.10.2026 |
    Анкара саммити: Эрдоган менен Алиевдин ортосунда эмне болду? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 30.10.2026 | 30.10.2026 22m
    Кыргыз өкмөтү эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө үчүн 52 ишкананын ишин токтотуп, дагы 57 компанияны мажбурлап жабууга бел байлады. Батыш өлкөлөрү Орусияга салынган санкцияларды буйтоого жардам берет деген дооматын Кыргызстанга бир нече ирет койгон. Дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржаларынын бири болгон Binance хакердик чабуулга кабылды. Зыяндын көлөмү 6,3 млрд долларга жетиши мүмкүн. Астанада күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медал алды. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов жана Амантур Исмаилов коло байге алган.
  • Мадумаровго "кол салуу болду" дегенди ким таратты? | Жаңылыктар | 29.10.2026
    Мадумаровго "кол салуу болду" дегенди ким таратты? | Жаңылыктар | 29.10.2026 29.10.2026 28m
    Испанияда темир жол кырсыгында 69 киши каза таап, жүздөн ашык киши жарат алды. Мадридден чыккан эки поезддин кагылышуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Кыргыз өкмөтү балыктын жеми, картөшкө, алма, кумшекер өңдүү товарлардын импортуна алты айлык чектөө киргизгени турат. Импортко чектөө коюу механизми канчалык натыйжалуу? Милиция Адахан Мадумаровго кол салуу тууралуу маалыматты четке какты. Мунун алдында социалдык тармактарда саясатчыны белгисиз адамдар сабап кеткени боюнча маалыматтар тараган.
  • Шайлоо: Садыр Жапаровго кимдер атаандаш болот? | Жаңылыктар | 28.10.2026
    Шайлоо: Садыр Жапаровго кимдер атаандаш болот? | Жаңылыктар | 28.10.2026 28.10.2026 20m
    Алдыдагы шайлоодо Садыр Жапаровго кимдер атаандаш боло алат? Азырынча үч эле киши талапкер болуу ниети менен Боршайкомко арыз берди. Израилдеги парламенттик шайлоодо өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун блогу бир аз айырма менен алдыга озуп чыкты. Анын негизги атаандашы Гади Айзенкоттун партиясы кийинки орунда келди. Ата-энени, бир тууганды сыйлоонун үлгүсүн көрсөтуп кетти. Чыгаан илимпоз, коомдук ишмер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова бүгүн акыркы сапарга узатылды.
  • "Атамды эки миң сом пара бердиң деп эки жылга кести". Сот адилеттүүлүгү талкууда | Жаңылыктар | 27.10.2026
    "Атамды эки миң сом пара бердиң деп эки жылга кести". Сот адилеттүүлүгү талкууда | Жаңылыктар | 27.10.2026 27.10.2026 28m
    Президент Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы жолугушууларында эл эң көп көтөргөн маселе укук коргоо жана сот органдарына байланыштуу болду. Буга чейинки беш жылдыкта эмнеге реформа болгон жок? Орус аскерлери согуштун башында ээлеп алган Херсон облусунун батышындагы Олешки шаарында ок атышпоо режими күчүнө кирди. Шаарда эки миңдей киши, арасында 50 жашы жетелек бала жашап жатат. “Дөөлөт курулуш” компаниясынын мамлекетке өткөн эки объектиси боюнча маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Үлүшчүлөр бийликтен үйдүн акысын арзандатып, же төлөө мөөнөтүн узартып берүүсүн суранууда.
  • Ширшов президентке Максимдин кандай сырын ачкан? | Жаңылыктар | 26.10.2026
    Ширшов президентке Максимдин кандай сырын ачкан? | Жаңылыктар | 26.10.2026 26.10.2026 21m
    Президент эл менен жолукканда майнинг фирмалар тууралуу маселе көтөрүлүп, Алексей Ширшовдун ысымы аталды. Жапаров энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөнү айтылып келген Ширшовдун Кыргызстандагы долбоорлору, кайсыл тармакка канча акча салганы тууралуу алгач ирет кенен маалымат берди. Сербияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо Батышка ыктаган жаштардын кыймылы башкаруудагы партияны жеңди. 10 жылдан ашык өлкөнүн саясатын аныктап келген экс-президент Александр Вучич утулганын моюнга алды. Белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу жана педагог, физика-математика илимдеринин кандидаты, аялдар уку...
  • Согушка алданып кеткендерди кайтаруу көйгөйү | Жаңылыктар | 23.10.2026
    Согушка алданып кеткендерди кайтаруу көйгөйү | Жаңылыктар | 23.10.2026 23.10.2026 21m
    Жалал-Абаддын тургуну президентке Атайын кызмат, прокуратура жетекчилеринин үстүнөн арызданды. Акыйкаттык издеп Баткенден Бишкекти көздөй жөө келаткан активист Батма Жолболдуеваны Садыр Жапаров кабыл алмай болду. Ташиевдин жердештери УКМКнын үстүнөн арызданды
  • Абактагы Ташов, Султанбеков президентке кайрылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.10.2026
    Абактагы Ташов, Султанбеков президентке кайрылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.10.2026 22.10.2026 20m
    Абактагы саясатчы Темирлан Султанбеков менен ишкер Имамидин Ташов акыйкаттыкты талап кылып президент Садыр Жапаровго кайрылды. Орусиячыл пропагандалык мүнөздөгү “Евразия” фонду Кыргызстандын аймактарына кулачын жаюуда. Бул фонд каржылаган борбор эми Нарынга ачылды. Индияда жаштардын “Таракандар” партиясы кайрадан козголду. Жайында кыймылдын демонстрациялары билим берүү министринин кызматтан кетиши менен аяктаган.

Popular in

The podcast also appears in the podcast charts of these countries.