Апта Азаттыкта

Апта Азаттыкта

ЭЕ/АҮ
Country Kyrgyzstan
Genres News, Politics
Language KY
Episodes 28
Latest 14.11.2026

Бул подкаст Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маанилүү окуяларды жумалык көз караш менен талкуулайт. «Азаттыктын» баяндамачылары жаңылыктарды терең талдап, көпчүлүк байкабаган өңүттөрдү ачып беришет. Ар бир чыгарылышта өлкөнүн саясий, социалдык жана маданий жаңылыктарына кыскача баян берүү менен катар эксперттик пикирлерди уга аласыз. Подкаст кыргыз тилинде сүйлөгөн аудиторияга арналган.

Episodes

  • Ала-Арчадагы трагедия: жоопкерчилик жана кайдыгерлик
    Ала-Арчадагы трагедия: жоопкерчилик жана кайдыгерлик 14.11.2026 17m
    Кыргызстанда Ала-Арча капчыгайындагы 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин үч жетекчи кызматынан алынды. Бул трагедия жалпы эле мамлекеттик институттардагы жоопкерчилик маселесин козгоду. Орусия башкалаасы Москвада өткөн ЖKKУ жыйынында Армения добуш берүү укугунан ажыратылды.
  • АКШ: Демократтардын жеңишине эмне себеп?
    АКШ: Демократтардын жеңишине эмне себеп? 07.11.2026 14m
    Өтүп бараткан аптада АКШдагы шайлоодогу демократтардын жеңиши дүйнөлүк медианын негизги темасы болду. Демократтардын жеңишине эмне себеп? Ал тапта Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин көрсөтүүнүн мөөнөтүнө аз убакыт калды. Азырынча беш талапкер арыз берди.
  • "Яндекстин" ордун кытайлык компания ээлейби?
    "Яндекстин" ордун кытайлык компания ээлейби? 01.11.2026 16m
    Кытайлык компания Өзбекстандын такси рыногуна чыгууга камынууда. Бул тууралуу Өзбекстандын транспорт тармагындагы расмийлердин билдирүүсү чыккандан кийин өтүп бараткан аптанын көп талкууланган темасына айланды. Кыргызстан бир катар азык-түлүктөрдүн импортуна алты айлык чектөө киргизди.
  • Шайлоо: Мадумаров акталбады, Жапаровго ким атаандаш?
    Шайлоо: Мадумаров акталбады, Жапаровго ким атаандаш? 24.10.2026 19m
    Украинадагы согушту жөнгө салуу аракеттеринин айланасында дипломатиялык активдүүлүк күчөдү. Ошол эле маалда Москва менен Вашингтондун ортосундагы дизел келишими дагы талкуу жаратууда. Кыргызстанда белгилүү саясатчы Адахан Мадумаровдун соттуулугун жокко чыгаруу боюнча арызы Жогорку сотто каралды.
  • Орусияда чуманын очогу пайда болушу мүмкүнбү?
    Орусияда чуманын очогу пайда болушу мүмкүнбү? 10.10.2026 17m
    Орусиянын Иркутск аймагында кара тумоо чыгышы мүмкүн деген маалыматтар бул аптада медиада жана соцтармактарда талкууланууда. XXI кылымда кара тумоо чыгышы мүмкүнбү? Кыргызстанда парламент төрагасынын депутаттардын кадыр-баркына шек келтиргендерге чара көрүлөрүн эскерткени талкуу жаратты.
  • Европа миллиардер Алишер Усмановду санкциядан кантип чийди?
    Европа миллиардер Алишер Усмановду санкциядан кантип чийди? 04.10.2026 14m
    Орусиялык эки бизнесмен - Алишер Усманов менен Фридман Европанын санкциялык тизмесинен чыгарылганы талкуу жаратты. Эмне үчүн муну “кооптуу прецедент” катары карап жатышат? Кыргызстанда активист Мавлян Аскарбеков Фейсбуктагы посту үчүн эки жылга эркинен ажыратылды.
  • "Шайлоого барбасаң айлык жок". Президенттикке кимдер талапкер болот?
    "Шайлоого барбасаң айлык жок". Президенттикке кимдер талапкер болот? 26.09.2026 19m
    Казакстанда Каспий деңизинде аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусу маалында жоокерлер каза болгон трагедия катталды. Жакындары буга жол берген аскер жетекчилерин жазага тартууну талап кылууда. Кыргызстанда парламент расмий түрдө прездинттик шайлоо мөөнөтүн бекитти. Алдыдагы жарышка кимдер чыгат?
  • Кезектеги коррупциялык жаңжалбы? Базарда сатылган окуу китеби
    Кезектеги коррупциялык жаңжалбы? Базарда сатылган окуу китеби 20.09.2026 14m
    Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда мектептерге жетпеген китептер базарларда сатылууда деген чуулуу окуя чыкты. Бул кезектеги коорупциялык чоң жаңжал болуп калабы? Кыргызстан агартуу тармагы канча каражат бөлөт?
  • Ташиевдерге карата өкүм жумшардыбы?
    Ташиевдерге карата өкүм жумшардыбы? 13.09.2026 16m
    Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда "75чилер каты" боюнча Ташиев баштаган сегиз кишиге карата Бишкек шаардык соту өкүмүн чыгарды. Шаардык сот мурдагы беренелерди алмаштырып, жазаны жеңилдеттиби? Кыргызстандык мектеп окуучулары PISA сынагындагы рейтингде акыркы ондукка киргени талкууга түштү.
  • Бишкектеги саммит: Москва менен Тегеран Кытайдан колдоо издейби?
    Бишкектеги саммит: Москва менен Тегеран Кытайдан колдоо издейби? 05.09.2026 14m
    Апта башында Кыргызстан башкалаасы Бишкекте дүйнөлүк саясаттагы быйылкы жылдын маанилүү окуяларынын бирине айланган масштабдуу иш-чара өттү. Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммити тууралуу дүйнөлүк медиа эмне деп жазды? “Апта Азаттыкта” айтып берибиз.
  • Кыргызстан сырттан кара май ташууну диверсификациялайт
    Кыргызстан сырттан кара май ташууну диверсификациялайт 03.08.2026 20m
    Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май ташып келүүнү макулдашты. Андан тышкары Азербайжан, Кытай, Беларустан май ташуунун жолдору сүйлөшүлдү. Күйүүчү май кризисинен улам Кыргызстан бул жаттагы импортту диверсификациялоо аракетин көрүүдө.
  • Борбор Азия аялдар үчүн азаппы?
    Борбор Азия аялдар үчүн азаппы? 02.08.2026 22m
    Зомбулуктан кыйылган өмүрлөр, талкаланган тагдыр жана жабыркаган ден соолук бир үй-бүлөнүн эле маселеси эмес, ал социалдык көйгөй. Бүгүнкү подкастта Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы коомдун оорусуна айланган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу сөз кылабыз.
  • Украина эмне үчүн Wildberries'ти бутага алууда?
    Украина эмне үчүн Wildberries'ти бутага алууда? 24.07.2026 17m
    Украиналык дрондор өтүп бараткан аптада үч ирет Wildberries маркетплейсинин Орусиянын бир нече аймагында, аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан кампаларына, логистикалык борборлоруна сокку урду. Маалыматтарга караганда, сегиз киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Материалдык чыгым тарткандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Эмне үчүн украин армиясы Wildberries бутага алып келатат?
  • Учак кырсыгы: TezJet лицензиядан ажырады
    Учак кырсыгы: TezJet лицензиядан ажырады 11.07.2026 17m
    Кыргызстанда өтүп бараткан аптада Бишкектен Ошко учуп бараткан учуп жаткан учак кырсыкка кабылып, жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Ага удаа эле Раззаков шаарына учуп барган учак техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкекке кайтууга аргасыз болгон. Жарандык авиация агенттиги бардык авиакомпаниялардын учактарын текшере баштаганын билдирди. Казакстандын Конституциялык соту өлкөдө жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Касым-Жомарт Токаевдин мурдагы президенттик мөөнөтү эсепке алынбайт деген чечим чыгарды. “Алмашылгыс президенттер” Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө мүнөздүү. Бирок ч...
  • Күйүүчү май таңкыстыгы, “75чилердин катына” сот өкүмү
    Күйүүчү май таңкыстыгы, “75чилердин катына” сот өкүмү 04.07.2026 15m
    Орусияда күйүүчү майдын тартыштыгы бүт өлкөнү кучагына алып, бензин чектөөлөр менен сатылууда. Керектөөлөрүнүн баарын Орусиядан алган Кыргызстанда жагдай кандай болот? Кыргызстанда бийликти алмаштыруу, төңкөрүш аракети катары сыпатталып жаткан “75чилердин каты” аталган окуяга райондук сот чекит койду. Февраль айында " Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, бийликтеги тандемдин урашы, соңу келип мунун аягы эмне менен бүтөт деген чоң суроону жараткан. “Апта Азаттыкта” ушул эки окуя тууралуу сөз кылабыз.
  • Ташиевдердин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп?
    Ташиевдердин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп? 27.06.2026 18m
    Өтүп бараткан аптада коомчулукта “75чилердин каты” деп аталган окуя боюнча сот иши кайрадан жабык каралмак болду. Ташиев баштаган сегиз кишинин үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүү аптаптуу жайдын чоң саясий окуясы болууда. Ал тапта Ысык-Көл форумуна бир катар эл аралык реакциялар болду. Бирок Кыргызстандын өзүндө ага карата сын-пикирлер күчөдү. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин форумга катышканы, анын айрым билдирүүлөрү бул аптанын негизги талкууланган темалары болуп калды. “Апта Азаттыкта” мына ушул эки окуя тууралуу айтып беребиз.
  • Ташиевдин соту ачык өтөт: “75чилердин катындагы” сыр ачылабы?
    Ташиевдин соту ачык өтөт: “75чилердин катындагы” сыр ачылабы? 13.06.2026 14m
    Өтүп бараткан аптада АКШ, Мексика жана Канадада футбол боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Чемпионатка катышып жаткан Иран жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Кыргызстанда коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз кишинин соту ачык өтмөй болду.
  • Орусиянын Арменияга опузасы эмне менен аяктайт?
    Орусиянын Арменияга опузасы эмне менен аяктайт? 06.06.2026 21m
    Апта соңунда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында Орусия Ераванга кысымын күчөтүп, армян экспортуна тыюу салууда. Еравандын өз алдынча саясатын жактырбаган Москванын басымы эмне менен аяктайт? Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эмне берет?
  • Кыргызстан күйүүчү май баасын кантип ооздуктайт?
    Кыргызстан күйүүчү май баасын кантип ооздуктайт? 24.05.2026 17m
    Бул аптада Орусия Украинага согуш ачкандан берки эң масштабдуу дрон жана ракета чабуулдарын жасады. Дрондор кантип согуштун негизги күчүнө айланууда? Кыргызстанда дизелдин баасы 100сомго жакындап калды. Дүйнөдө 30 пайызга чейин өскөн күйүүчү майдын баасын кыргыз өкмөтү кантип ооздуктап жатат?
  • Ташиевдин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп?
    Ташиевдин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп? 16.05.2026 16m
    Өтүп бараткан аптада дүйнөлүк медиалардын негизи көңүлү Бээжинге бурулду. АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпин эмне тууралуу сүйлөштү? Ирандагы согуш боюнча Кытайдын позициясы кандай? Кыргызстанда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш сотко өттү.

Popular in

The podcast also appears in the podcast charts of these countries.